Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:20

Шайлоо-2017: Атамбаев шайлоо укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөнү тапшырды


Башкы прокурор Индира Жолдубаева.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда Жолдубаева айым президент Атамбаевге өлкөдөгү мыйзамдуулуктун жана укук коргоонун абалы, кылмыштарга каршы күрөш тууралуу маалымат берди. Экономика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана алардын алдын алуу аракеттери тууралуу айтты.

Башкы прокурор Жолдубаева, ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын 15-октябрына белгиленген президенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү мезгилинде Конституциянын талаптарынын сакталышы жана шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө багытындагы прокуратура көрүп жаткан чараларга токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев жарандардын шайлоо укуктарын жана шайлоо жүрүмүнө катышуучулардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөнү баш прокурорго тапшырды. Ал коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, ишкерлердин укуктарын коргоо зарылдыгын да баса белгиледи.

Өлкөдөгү оппозициячыл күчтөр жана Т.Сариев сыяктуу айрым президентикке талапкерлер президент Атамбаев негиздеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын атынан президенттик талапкер катары чыгып жаткан азыркы өкмөт башчы С.Жээнбековдун пайдасына өлкөнүн аткаруу бийлигинин өкүлдөрү мамлекеттик башкаруу мекемелеринин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга аракет кылып жатат деген сынды айтып чыгышкан. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG