Принстон университетинин иликтөөчүсү, АКШнын жараны, теги ханзу Сиюэ Ваң (Xiyue Wang) Кошмо Штаттардын пайдасына тыңчылык кылды деген айып менен Иранда 10 жылга түрмөгө кесилген.
Евразиянын тарыхы боюнча адис Ваң Иранда өткөн жылы өз диссертациясы үчүн иликтөө жүргүзүп жаткан учурунда камакка алынган эле. Иран бийликтери окумуштууну иликтөөгө жамынып, өлкөдө тыңчылык кылган деп күнөөлөгөн.
Принстон университетинин Тегерандан түшкөн соңку жаңылыктан кийинки билдирүүсүндө: “Сиюэ Ваңдын бир дагы өкмөт, бир дагы чалгын кызмат менен байланышы жок. Биз анын апелляциясы четке кагылып, ойдон чыгарылган айып боюнча мурдагыдай эле абакта калып жатканына кабатырбыз”, - деп айтылат.
Америкалык иликтөөчүнүн Иранда тыңчылык боюнча айыпталышы президент Доналд Трамптын администрациясы Иранга карата турумун катаалданткан учурга туш келүүдө.
Ак үйдүн өткөн айдагы билдирүүсүндө Трамп “адилетсиз соттолгон америкалык жарандар бошотулуп, мекенине кайтарылмайынча Иран үчүн жаңы олуттуу кесепеттерди камсыздоого даяр” экендиги айтылган.
Ирандын абагында “адилетсиз” кармалып турган америкалык жарандар тезинен бошотулуусун 17-августта АКШнын Мамлекеттик департаменти да талап кылды.
Иран өзү азырынча Сиюэ Ваңдын иши боюнча акыркы чечимге комментарий бере элек. (UE)