Масштабдуу операция исламчыл согушкер деп шектелген адам минивэн тибиндеги унаа менен Барселона шаарында элди сүзүп, кеминде 13 адамды мерт кылгандан кийин башталды.
Полиция бүгүн мына ушул кылмышка шектүү деген үчүнчү адамды кармады. Бирок ал элди сүзгөн унаанын айдоочусу болгон-болбогону азырынча анык эмес.
Мунун алдында полиция кечээ эки кишини: теги боюнча марокколук жана Испаниянын Түндүк Африкадагы Мелилла анклавынан чыккан дагы бир адамды кармаган.
Элди сүзгөн унаанын айдоочусу изделип жаткан учурда Барселонанын түштүгүндөгү Камбрильс шаарчасында коопсуздук күчтөрү беш адамды атып өлтүрдү.
Испан полициясынын эсебинде, Камбрильсте жок кылынгандардын Барселонадагы чабуулга тиешеси бар жана алар жардыруу жолу менен башка кол салууларды мерчемдешкен.
Барселонанын туристтерге жык толгон Рамбла көчөсүндөгү кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды.
Бийликтердин айтымында, ал жерде өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү мүмкүн, ал эми жараат алгандар 100дөн ашуун. Бул кол салууда өлгөндөр менен жараат алгандар 24 өлкөнүн жарандары. (UE)