Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:54

Прокурорлор жез тыйын менен кармалган аялга алты жыл сурашты


Татьяна Хужина.
Татьяна Хужина.

Тажикстандын прокурорлору жез тыйын менен кармалган орус аялды алты жылга эркинен ажыратууну сурашты. 41 жаштагы Татьяна Хужина падышалык доордон калган жез тыйындарды Тажикстандан “аткезчилик жол менен чыгарууга аракеттенген” деп айыпталууда. Ал Душанбеден Москвага кетип бара жатканда июнь айында кармалган эле. Текшерүү учурунда тажик бажыканачылары Хужинадан Орусиянын жүгүртүүгө 1823-жылы чыгарылган эки жез тыйынын табышкан.

Тажик бийликтери ал ошол жез тыйындары Тажикстандан мыйзамсыз чыгарып кетүүнү көздөгөн деп ырасташууда. Хужина болсо ал эки жез тыйынды апасынан калган белек катары көп жылдардан бери алып жүргөнүн, аларды Орусиядан Тажикстанга киргенде эле кутучасына салып киргенин айтууда.

Орусиянын Душанбедеги элчилигинин өкүлдөрү кабарчыларга Тажикстанда төрөлүп, бирок 2012-жылдан бери Орусияда жашаган Хужинаны кылмышка шектүү кылган жез тыйындардын баалуу эместигин, бүгүнкү наркы төрт долларга эле барабар болгонун билдиришти.

Сот өкүмү 21-августта чыгары күтүлүүдө. Айыпкердин адвокаты прокурорлор Хужинанын кичинекей кызы болгондуктан суралган жазанын аткарылышын кийинкиге калтырып турууга макул экендигин кошумчалады. (UE)

XS
SM
MD
LG