Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

БУУ: Азия континентинде аялдар таңсык


Түштүк, Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азияда кеминде 170 млн аял жетишпейт. Бул тууралуу Улуттар уюмунун радиосу маалымдайт. Маалыматка ылайык, буга аталган аймактарда уул балага артыкчылык берилгени негизги себеп.

Улуттар уюмунун акыркы эл каттоосуна ылайык, кыз баланы түйүлдүк кезде бойдон алдыруу элинин саны эң көп болгон Индия менен Кытайда аял-эркек теңсиздигине алып келген.

Ушундай эле акыбал Кавказда байкалган. Бул жакта 100 кызга 130 уул бала туура келет.

БУУнун эксперттери уул балага артыкчылык берүү басмырлоо менен зомбулукту күчтөндүрөрүн белгилеп, мамлекеттик органдарды буга каршы турууга чакырган. Жакында эле буга БУУнун беш агенттиги: Адам укуктары башкармалыгы, Калк фонду, ЮНИСЕФ, «БУУ-аялдар» жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму каршы пикирин билдирген.

Азырынча Азия өлкөлөрүнүн ичинде Түштүк Кореяда "уул балага артыкчылык берүү" адаты түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүүсү, мыйзам талаптарынын негизинде жоюлган деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG