Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Шайлоо-2017: БШК 2,5 миң даана лупа сатып алат


Кыргызстандын Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган тендердин талабы боюнча, лупа жалпак, тик бурчтуу, кара алкакчага салынып, затты үч эсе чоңойтуп көрсөтө ала тургандай болушу керек. Мындан тышкары ал сапаты бекем пластиктен жасалууга тийиш.

Лупа сатып алууга 875 миң сом бөлүнгөн.

Азырынча тендерге катышуу ниетин сегиз ишкана билдирген. Алардын ичинен көпчүлүгү сатып алынуучу сумманы эки эсе аз көрсөтүшкөн. Жеңүүчү аныктала элек.

Боршайком өлкө боюнча 2300, чет мамлекеттерде 36 добуш берүүчү шайлоо участкасын ачарын буга чейин билдирген. Мындан сырткары ички миграцияны эске алып, Ош жана Бишкек шаарларына кошумча шайлоо бөлүмдөрүн ачуу чечимин чыгарган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG