Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Орзубек Назаровдун кызынын акыбалы оор


19-августта Бишкекте жол кырсыгына учураган Орзубек Назаровдун 17 жаштагы кызынын акыбалы оор экенин, азыр ага бардык топтогу кан зарыл болуп жатканын спортчу "Азаттыкка" билдирди.

"Кызыма эртең менен абдан оор операция жасалды. Баш сөөгүнө уюп калган кандар тазаланып, азыр комада жатат. Ага азыр кан керек болууда. Өзүнүн канынын тобу биринчи. Бирок бардык топтогу канды кабыл алышат экен", - деди Назаров.

Аделина Назарованын баш сөөгүнө татаал операция жасалып, өзүнө келбей, жасалма дем алдыруучу жабдууга туташтырылганын Бишкектеги травматалогия жана ортопедия илим изилдөө институтунан да ырасташты. Бишкектин Тоголок Молдо - Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде мотоцикл менен кырсыкка кабылган эки адамдын бирөө окуя болгон жерде жан берген. Айдоочунун артында учкашып бара жаткан өспүрүм кыз оор акыбалда институтка жеткирилген. (BCh)

XS
SM
MD
LG