Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Сургуттагы кол салууга жоопкерчиликти ИМ тобу алды


Сургут шаары
Сургут шаары

Бул маалыматты ишембиде согушкерлер менен байланышы бар Amaq агенттиги таратты. Буга чейин орусиялык күч кызматтары бычак менен кол салуу теракт деген божомолду жокко чыгарып жаткан эле.

Социалдык тармактарда бычак менен элге кол салган кишинин өлгөн сүрөттөрү пайда болгон. Анда ал киши кара кийимчен экени, курсагына жардыргыч затка окшогон нерсе байланып алганы көрүнүп турат. Анын муляж экени кабарланды.

19-августта Орусиянын Сургут шаарында белгисиз адам карапайым адамдарга бычак менен кол салып, он чакты кишини жарадар кылган. Өзүн полиция кызматкерлери атып өлтүрүшкөн. Учурда адам өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча иш козголуп, иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG