Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:15

Президент Трамптын улуу кеңешчиси Ак үйдөн кетти


Стив Бэннон (ортодо) Трамптын командасы менен

АКШ президентининин стратегия жана саясат маселелери боюнча кеңешчиси Стив Бэннон кызматтан кетери менен Дональд Трамптын бийлиги бүтөрүнө аз калды деп жарыя кылды. Бул тууралуу британиялык "Индепендент" басылмасы жазды. Стив Бэннон кызматтан 18-август күнү кеткен.

Ак үйдүн салмактуу кызматкерлеринин бири, Республикачы Бэннон мурунку ишине, Breitbart News басылмасына кайтып келди.
Бир күн мурун ал Ак үйдүн аппарат башчысы Жон Келли менен акыркы иш күнү тууралуу сүйлөшкөнү расмий маалымдалган. Америкалык Weekly Standard жумалыгына курган маегинде Бэннон "биз күрөшүп, жеңип берген Трамптын бийлиги бүттү. Биз дагы деле алдыга жыла беребиз, биз бул президенттиктен дагы бир нерсе чыгарабыз. Бирок президенттиктин өзү аяктап баратат" деп билдирген.

Стив Бэннон Ак үйдө иштеп жүргөндө башка кеңешчилер менен атаандаш болгону, алардын ичинде Дональд Трамптын кызы Иванка жана анын күйөөсү Жаред Кушнер да бар экени айтылууда. "Индепендент" басылмасынын жазганы боюнча, президенттин эки жакын адамы тең Трамптын билдирүүлөрүн жана кыймыл-аракеттерин "жумшартуучу" роль аткарышкан.

XS
SM
MD
LG