Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:17

Автокырсыкка кабылган Аделина Назаровага кан керек


Кырсыкка кабылган мотоцикл.
Кырсыкка кабылган мотоцикл.

19-августта Бишкекте жол кырсыгына учураган Орзубек Назаровдун 17 жаштагы кызынын акыбалы оор. Белгилүү спортчунун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, азыр ага бардык топтогу кан зарыл болуп жатат.

Улуттук кан борборунун жетекчиси Бакыт Карабаевдун белгилешинче, Аделина Назаровага кан тапшырууну каалагандар Бишкек жана Ош шаарларындагы кан борборлоруна кайрыла алышат.

Бишкекте мотоцикл менен кырсыкка кабылган эки адамдын бири окуя болгон жерде жан берген.

Айдоочунун артында учкашып бара жаткан өспүрүм кыз оор акыбалда ооруканага жеткирилген. Кийинчерек ал белгилүү кыргыз спортчусу Орзубек Назаровдун кызы экени белгилүү болгон. Азыркы тапта анын акыбалы оор, комада жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG