Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Саламаттыкты сактоо министри ооруканалардын санитардык абалына нааразы


Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 18-августтагы министрликтеги жыйында өлкөдөгү ооруканалар "медицинага окшобой" калганын айтып чыкты.

Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Министр Бишкек жана анын айланасындагы медициналык жайлардын дааратканалары, канализациясы жана суу түтүктөрү абдан кир, санитардык нормага туура келбеген акыбалда экенин айтты.

Ноокен, Ала-Бука, Ноокат, Ак-Суу сыяктуу аймактардагы ооруканаларда тазалык салыштырмалуу жакшы деңгээлде экенине токтолуп, Улуттук борборлордо жер төлөөлөр таштандыга толуп, айланасындагы бак-дарак куурап калганын сындады.

Ал оорукана жетекчилерине инфекциялык көзөмөл, санитардык нормаларды сактоону эскертти. (BCh)

XS
SM
MD
LG