Немис канцлери Ангела Меркел Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды Германиядагы шайлоого таасир этүүгө аракеттенди деп сынга алды. "Биз эчкимге, президент Эрдоганга да жарандарыбыздын, анын ичинде түрк тектүү немис жарандарыбыздын эркин тандоосуна кийлигишүүсүнө жол бербейбиз", деди Меркел. Бул тууралуу 19-августта "Немис толкуну" маалымдады.
Германиянын социал-демократиялык партиясынан канцлерликке талапкер Мартин Шульц да түрк президентинин немис шайлоочуларынын добушуна таасир этүү аракетин кескин сынга алды. Ал "Германиядагы шайлоого көрсөтмө берүүгө Эрдогандын укугу жок" деп билдирди.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Германиядагы түрктөрдү бир катар партиялардын талапкерлерине добуш бербөөгө чакырган эле. "Бул партиялардын баары Түркиянын душмандары" деген Эрдоган 18-августта Стамбулдагы жума намаздан кийинки сөзүндө. Эрдоган атаган партиялар Германиядагы Социал-демократтар партиясы, "Союз90/Жашылдар" жана Христиан-демократиялык партиясы.