Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдүн эки районун кыдырып келди


Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр 19-августта облустун Жети-Өгүз жана Тоң райондорун кыдырып, жаңы окуу жылына даярдык, талаадагы эгин оруп-жыюунун абалы менен таанышты. Андан тышкары, Тоң районундагы Үч-Коргон сугат суу чогултуучу көлмөнүн курулушу менен таанышты. Аталган көлмөнү пайдаланууга берүү үчүн 3,8 млн сом керек. Андан райондогу миң гектардан ашуун айдоо аянты суу ичет.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгуловдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, өкмөт башчы көлмөнүн курулушун эки айдын ичинде бүтүрүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырган.

Премьер-министр ошондой эле Жети-Өгүз районундагы Ырдык айлынын 140 жылдыгына арналган салтанатка да катышып, дунгандардын музейине барды. Ал өзүнүн сөзүндө көп улуттуу Ырдык айылы Кыргызстандагы башка айылдарга да ынтымакта, достукта жашоого үлгү болуп келе жатканын белгиледи.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков КСДПдан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн. Партиянын маалыматы боюнча, буга байланыштуу ал 21-августта кызматын тапшырат.

Жээнбековдун аймактарды кыдыруусун айрым активисттер шайлоо алдында жүргүзүлүп жаткан кыйыр үгүт катары сыпаттап, сынга алышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG