Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

"Айчүрөк" соода борборунан жардыргыч зат табылган жок


Курчоого алынган соода борбору
Курчоого алынган соода борбору

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Соода борборуна бомба коюлду деген маалымат жалган болуп чыкты. Адистер эч кандай жардыргыч зат табышкан жок.

Сулаймановдун маалыматы боюнча, Бишкектеги "Айчүрөк" соода борбору кайра кадимкидей эле иштеп баштады.

Түшкө жуук Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адамдар телефон чалып, "Айчүрөк" соода борборуна бомба коюлганын билдиришкен. Соода борбору чукул арада курчоого алынып, андагы адамдар эвакуацияланган болчу. Жардыргыч затты издөөгө саперлор тартылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG