Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Сүлүктүдө көмүр шахталары текшерүүгө алынды


Сүлүктүдөгү көмүр кени. Архив
Сүлүктүдөгү көмүр кени. Архив

Текшерүүнүн натыйжасында Сүлүктүдө кооптуу деп саналган 400 көмүр казган жер аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан маалымдашты. Мындан тышкары кенде иштеген шахтерлордун билим деңгээли, адистиги бар-жоктугу жана ошондой эле көмүр казууга уруксат лицензиялары да текшерилүүдө. Текшерүүнү экотехинспекциянын жергиликтүү өкүлдөрү менен чогуу облустук жана шаар бийлиги жүргүзүүдө.

12-август күнү Сүлүктү көмүр кенинде өз алдынча көмүр казууга аракет кылган 37 жаштагы жаран шахта басып калып, каза болгон. Маркум мурда да бул шахтада өз алдынча казуу иштерин жүргүзгөн учурда кен ураганы айтылган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев шахта жабылганына карабай, эч кандай эскертүү белгилери коюлбаганы жана элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөнү үчүн жергиликтүү бийликти сындаган эле.

Сүлүктү шаарында 31 кен казган ишкана бар.

Жыл башынан бери Сүлүктү көмүр кенинде тогуз киши каза тапкан. Буга негизги себеп коопсуздук чаралары көрүлбөгөнү деп айтылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG