Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Финляндияда Туркудагы кол салуудан набыт болгондор эскерилди


Хельсинки вокзалындагы полиция кайгуулу.
Хельсинки вокзалындагы полиция кайгуулу.

20-августта Финляндияда аза күтүү күнү деп жарыяланып, Турку шаарындагы кол салуудан набыт болгондор эскерилди. Туркудагы кол салуу болгон жерге жүздөгөн кишилер чогулуп, бир мүнөт аза күтүштү. Ушундай эле аза күтүү өлкөнүн бардык аймактарында болуп өттү.

18-августта өлкөнүн батышындагы Турку шаарында Марокконун 18 жаштагы жараны жай тургундарга бычак менен кол салган. Эки адам өлүп, алтоо жаракат алган. Кол салган кишини полиция бутка атып, кармаган. 20-августта ал сурак бергени кабарланууда.

Кол салуудан өлгөн эки аял Финляндиянын жарандары. Жаракат алгандардын ичинде италиялык, швед жана британ жарандары бар.

XS
SM
MD
LG