Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Иракта Тал Афар шаарын ИМ тобунан бошотуу операциясы жүрүүдө


Тал Афардын айланасында ИМ тобунун согушкерлери менен уруштар буга чейин да жүргөн. 16-ноябрь, 2016-жыл.
Тал Афардын айланасында ИМ тобунун согушкерлери менен уруштар буга чейин да жүргөн. 16-ноябрь, 2016-жыл.

Тал Афарды “Ислам мамлекети” тобунан бошотуу операциясы башталганын премьер-министр Хайдар ал-Абади бүгүн эртең менен теледен жасаган билдирүүсүндө жарыялады.

Абади ошондой эле ИМ тобунун бул шаардагы согушкерлерине кайрылып, “багынып бергиле, болбосо өлөсүңөр”,- деп да эскертти.

Тал Афардын алдында, тогуз айга созулган уруштардан кийин “Ислам мамлекети” тобунан Мосул шаары бошотулган эле.

Соңку эсептер Мосул шаары үчүн уруштарда Ирактын 1400 аскеринин өмүрү кыйылып, 7000дейи жаракат алганын көргөздү.

Мосулдан 80, Сирия чек арасынан 150 чакырым аралыкта жайгашкан Тал Афар Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу али ээлеп турган акыркы аймактардын бири.

Бийликтердин эсебинде, ал жерде 1400дөн 1600гө чейинки санда согушкер бар жана алардын көпчүлүгү чет элдиктер.

Ирак армиясындагы генералдардын бири Яхиа Расулдун айтымында, учурда Тал Афарды түштүк тараптан өкмөттүк аскерлер менен шийит ыктыярчылары, түндүк тараптан күрттөрдүн Пешмерга күчтөрү курчап турат.

Норвегия Качкындар кеңеши деген уюмдун кечээги билдирүүсүнө караганда, Тал Афарга чабуулду утурлай миңдеген адамдар Ирактын түндүгүндөгү күрттөр көзөмөлдөгөн аймакты көздөй качууда. (UE)

XS
SM
MD
LG