Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Сургуттагы кол салууну Орусиянын Тергөө комитети иликтөөдө


Сургут шаарынын борбору.
Сургут шаарынын борбору.

Сургутта бир нече киши жарадар болгон кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алды.

Орусиянын Тергөө комитетинин 20-августтагы билдирүүсүнө караганда, “кеңири коомдук резонанстан” улам Сургуттагы кол салуу боюнча иликтөөнү алардын Тергөө департаменти жүргүзөт.

19-август күнү бычак менен куралданган адам Сибирдеги мунай өндүрүшүнүн борбору катары саналган шаарда бир нече адамды сайууга үлгүрүп, өзү полиция тарабынан атып өлтүрүлдү.

“Ислам мамлекети” тобуна байланышы бар “Амак” жаңылыктар агенттиги кол салууну алардын согушкерлеринин бири жасаган деп ырастоодо.

Орусиялык тергөөчүлөр азырынча кол салган адамдын ысымын жарыялашкан жок, ошондой эле окуяга террордук чабуул деген баа да берише элек. Болгону кеминде жети кишини бычактаган адам 1998-жылы туулганы гана маалымдалды. (UE)

XS
SM
MD
LG