Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Испан полициясы Барселонадагы кол салуу үчүн шектүүнү издөөдө


Барселонада кол салуунун курмандыктары үчүн аза күтүү жөрөлгөсү. 18-август, 2017-жыл.
Барселонада кол салуунун курмандыктары үчүн аза күтүү жөрөлгөсү. 18-август, 2017-жыл.

Кол салууларды даярдаган деп теги боюнча марокколук адам изделип жатат.

Полициянын 20-августтагы билдирүүсүнө караганда, Альканар деген шаарчадагы үйдүн 120дай газ баллон табылды. Бийликтер мына ушул жерден “бир нече ай бою” террордук чабуул даярдалган деген ишенимде турушат.

Газ баллондор табылган үйдөн Барселонадагы кол салуудан бир күн мурда 16-августта жарылуу болуп, кеминде эки адам мерт болгон.

Терррдук түйүндүн мүчөлөрү деп шектелгендердин бешөө Барселонадан алыс эмес Камбрильс деген шаарчада 17-август күнү полиция менен атышууда өлтүрүлгөн эле. Мунун алдында алар унаа менен сүзүп, бир адамды мерт, алтоону жарадар кылышкан.

Камбрильстеги окуянын алдында Барселонанын туристтерге жык толгон Рамбла көчөсүндө минивэн тибиндеги унаа адамдарды тебелетип, 13 кишинин өмүрүн кыйган болчу.

Бул кол салуулар үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алды. Кылмышка катышы бар деген шек менен азырынча төрт адам камакка алынган.

Полиция учурда изделип жаткан Юнус Абуякуб чек арадан Францияга өтүп кетиши мүмкүн деп да болжолдоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG