Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Шайлоо-2017: Жээнбеков топтогон 4 миңдей кол тамга жараксыз деп табылды


Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Сооронбай Жээнбеков топтогон кол тамгаларды текшерип чыкты. Анда 3810 кол тамга жараксыз деп табылганын “Азаттык” радиосуна БШКдан кабарлады. Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү БШКга жалпысынан 49779 кол тамга өткөрүшкөн.

БШКнын маалыматына караганда, президенттик жарышка катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын 51и калды. Алардын ичинен бешөө - “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков 30 миңден ашуун кол топтоп, БШКга тапшырган. Алардын ичинен Сариев менен Бабановго “президенттикке талапкер” макамы берилген.

Өткөн апта Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаев топтогон 30 миңден ашуун кол тамгаларды жараксыз деп тапкан. Ага кол тамганы чогултууда шайлоо мыйзамдары сакталбаганы себеп болгону айтылган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG