Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:42

Зыяратчылардын акыркы тобу ажылыкка учуп кетишти


Кыргызстандык зыяратчылар Меккеде. 2012-жыл
Кыргызстандык зыяратчылар Меккеде. 2012-жыл

Ажылык амалдарын аткаруу үчүн кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу Сауд Арабияга бүгүн Ош-Жидда багыты боюнча учуп кетишти. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, биринчи үч каттам Бишкек-Мадина багытында, андан кийин он эки каттам Ош-Мадина, Ош-Жидда багытында учкан.

Зыяратчылардын алгачкы тобу 7-августта кеткен. Алардын ар бирине жеке маалыматтары камтылган электрондук билерик тагылып, өкмөт бөлүп берген 13 дарыгер коштоп жүрөт.

Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга 4760 орун бөлгөн. Сапардын баасы 2760 доллар деп чечилген. Кыргызстанга кайтуу жараяны 8-сентябрда башталып, 21-сентябрга чейин уланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG