Жарандык активисттерден куралган “Мага баары бир эмес» тобу Кыргызстанды өнүктүрө алат деген ойлордун жыйындысын сунуштайт. Алар 23-августта “Башынан башта!” деп аталган чакырыктын бет ачарын жасап, ар кайсы тармак боюнча көз караштарын айтышат. Анда өлкөнүн өнүгүшү үчүн кандай иштер аткарылышы керектиги жана өлкөгө кандай лидер керектиги, өнүккөн өлкөнүн адамдары кандай болушу зарылдыгы белгиленет.
- Быйыл шайлоо жылында көптөгөн убадаларды угуп жатабыз, ар ким өзүнүн стратегиясын сунуштайт. Бирок бул алдап жаткандай туюлуп, ошондой кабыл алынып калган. Ошондуктан биз чынчыл адамга таандык стратегия сунуштайлы дегенбиз.
«Мага баары бир эмес» жарандык форуму быйыл апрелде Бишкекте өткөн. Үчүнчү жылы уюштурулган бул иш-чараны өлкөдө жарандык коомду бекемдөө максатын көздөгөн активист-эксперттер Элмира Ногойбаева, Медет Түлегенов, Эркина Убышева, Бектур Элебесов, Перизат Сайтбурхан кызы уюштурган. (КЕ)