Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:28

"Айчүрөк" дүкөнүнө бомба коюлду деп телефон чалган жаран аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты. Мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, ага карата кылмыш иш козгоо үчүн материалдар атайын кызматтын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди:

- 20-августта саат 12:30да Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт кызматына белгисиз адам телефон чалып, "Айчүрөк" соода борборунда жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат берген. Имаратты текшергенде кандайдыр бир жарылуучу зат табылган жок.

Сулаймановдун айтымында, ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында телефон чалган адам 27 жаштагы эркек жаран экени аныкталды. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG