Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Шайлоо-2017: Жээнбеков талапкер болуп катталды


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болуп катталды. Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекованын колунан талапкер деген күбөлүктү алып жатып ал өлкөдө адилеттүү, таза шайлоо өткөрүүгө шарт түзүлгөнүн айтты.

Жээнбеков 46 миң кол топтоп, тил сынагынан 94,6 упай алган.

Президенттик шайлоо Кыргызстанда 15-октябрда өтөт. Ага катышам дегендердин саны башында 60ка жеткен. БШКнын расмий каттоосунан буга чейин "Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев жана "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өткөн.

Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазууну чечкенин, бул маселе боюнча бүгүн түштөн кийин президент Алмазбек Атамбаев менен жолугарын айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG