21-августун таңында башталган машыгуулар 31-августка чейин созулат.
Машыгууда өзөктүк куралы бар Түндүк Корея менен ыктымал согушка даярдыктын компьютердик моделдери да колдонулмакчы.
Машыгууларга Түштүк Кореянын өзүнөн 50 миңдей, АКШДан 17,5 миң, Австралия, Британия, Канада, Дания, Нидерланд, Жаңы Зеландиядан 3000дей жоокер тартылууда.
Расмий өкүлөрдүн айтымында, машыгуу учурунда ок атышуу же танктык маневрлар болбойт. Мунун ордуна аскерлер уруштун үлгүлөрүн компьютерде көрүшүп, өзүлөрүнүн чечим алуу жөндөмүн өркүндөтмөкчү.
Түштүк Корея президенти Мун Чже Ин бул машыгуулар коргонуу гана максатын көздөй турганын айтып, Пхеньян аны жаңы чагымдары үчүн жүйө катары колдонбоосу керектигин белгиледи.
Бирок Түндүк Кореянын расмий Rodong Sinmun басылмасы бир күн мурда эле машыгууларды “кастыкты көргөзүү” деп сыпаттап, ал “өзөктүк согуштун көзөмөлдөн чыгып кетүүчү жаңы этабына” шыкак берүүсү мүмкүндүгүн эскертти.
Корей жарым аралындагы абал азыр чыңалып турат. Чыңалуу өзгөчө Пхеньян жакында континенттер аралык эки баллистикалык ракетасын сынагандан кийин күчөдү. Эксперттердин айтымында, ал ракеталар АКШ аймагына чейин жете алуусу мүмкүн.
Түндүк Кореянын ракеталык программаларына БУУнун резолюциялары менен тыюу салынган. (UE)