Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:51

Назаровдун кызы катышкан мотоцикл кырсыгынан өлгөн баланын жакындары нааразы болууда


Кырсыкка кабылган мотоцикл
Кырсыкка кабылган мотоцикл

Бишкекте белгилүү спортчу Орзубек Назаровдун кызы отуруп келаткан мотоцикл сүздү деген автомашинанын жүргүнчүсүнүн сөөгү жекшемби күнү Сокулукта жерге берилди. Ал 23 жаштагы Маматжусуп деген бала экенин бүгүн “Азаттык” радиосуна жакындары кабарлап, маалымат каражаттарында спортчунун кызы тууралуу гана айтылып, ал эми алардын айынан бөөдө кырсыктан өлгөн бала жөнүндө сөз жок болуп жатканына нааразылык билдиришти.

“Алар жеңил машинада Чүй проспекти менен 30 км/с ылдамдыкта баратыптыр. Маматжусуп айдоочунун жанында отурган экен. Тоголок Молдо көчөсүнө келгенде Назаровдун кызы отурган мотоцикл келип сүзүптүр. Бала ооруканадан каза болду, айдоочусу ооруканада” деди атын атагысы келбеген жаран.

Ал эми өзүн Гүлбарчын деп тааныштырган кыз Маматжусуптун тууганы экенин айтып, “Күнөөлүүлөр жабыркаганы тууралуу эле сөз болуп, алардын айынан каза болгон бала жөнүндө эч нерсе айтылбай жатат. Күбөлөрдүн айтымында, мотоциклди патрулдук милиция кубалаган. Аны жашырып жатышат. Мотоцикл машинаны сүзгөндө эки секундага жетпей артынан патрулдук милиция келип, токтоп, “мигалкасын” өчүрүп, Чүй көчөсү менен аянт жакты көздөй кетип калыптыр” деп билдирди.

Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Адыл Оморов “Азаттыкка” бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 281-беренеси (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иш козгогонун айтып, “Патрулдук милиция кызматкерлери аларды кубалабаганын, кырсыкка бир аз калган убакта ошол мотоцикл алардын жанынан катуу ылдамдыкта өтүп кеткенин, качып кетпестен, артынан барып "Тез кызматка” жардамдашканын айтып жатышат” деп билдирди жана кызматтык териштирүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Окуя 19-августка караган түнү болгон. Мушкер Орзубек Назаровдун 17 жаштагы кызы мотоциклде айдоочунун артында учкашып бараткан. Ал азыр ооруканада, абалы оор экени айтылууда. Ал эми айдоочу бала ошол жерден жан берген. Буга чейин ал кыздын абалы оор экени, ага кан керек болуп жатканы тууралуу маалымат чыгып, интернетте көп тараган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG