Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:36

Кыргызстан менен Монголиянын көк бөрүчүлөрү күч сынашмай болушту


Көк бөрү оюнунан көрүнүш
Көк бөрү оюнунан көрүнүш

Казакстандын борбору Астана шаарында башталган көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан Монголия менен ойномой болду. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысына Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов билдирди.

Анын айтуусунда, кыргыз көк бөрүчүлөрү аттардын такаларын чечпей ойношот.

- Кыргызстандын командасына Монголия курамасы менен аттардын арткы туяктарындагы такалары менен ойноого уруксат беришти. Эч кандай жеңилүү жазылбай турган болду. Биздин аттардагы такалар спорттук. Дүйнөдөгү ат оюндарынын көбүндө эле ошол такалар колдонулат, стандартка шайкеш келет. Беттеш бүгүн 21-августта саат 18:00до өтөт, - деди Саматов.

Кыргызстан менен Монголиянын көк бөрүчү курамалары бүгүн түшкө чейин мелдештин биринчи турунда беттешмек. Оюнга чыгар алдында кыргызстандык оюнчуларга аттардын арткы туяктарындагы такаларды алуу талабы коюлган. Бирок талапка баш ийбегендиктен кыргыз көк бөрүчүлөрүнө 0:7 эсебинде техникалык утулуш жазылган.

Буга нааразы болгон кыргыз тарап башкы калыстардын коллегиясына кайрылган.

ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугу 28-августка чейин уланат. Ага 12 команда: Өзбекстан, Кыргызстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай, Ооганстан жана Казакстан катышып, эки тайпага бөлүнүп ойношот.

Кыргызстан «А» тайпасында Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан жана Монголия менен мөрөй талашат. (ECh/UEz)

XS
SM
MD
LG