Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:01

АКШ Орусияда виза берүү иштерин убактылуу токтотот


АКШнын Орусиядагы элчилигинин имараты.
АКШнын Орусиядагы элчилигинин имараты.

Кошмо Штаттардын Москвадагы элчилигинин 21-августтагы жарыясына караганда, өлкөнүн Орусиядагы дипломатиялык миссияларынын баарында “иммигранттык эмес” виза берүү операциялары 23-августтан тарта токтотулуп, кайра 1-сентябрдан тарта гана жанданат.

Бирок, АКШнын Санкт-Петербург, Екатеринбург, Владивосток шаарларындагы консулдуктарында виза берүү иши белгисиз мөөнөткө токтойт.

Элчиликтин түшүндүрмөсүнө караганда, бул Орусия АКШнын дипломатиялык кызматкерлеринин саны боюнча киргизген чектөөгө байланыштуу болууда.

“Орусиянын АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгүн кыскартуу боюнча чечими ал карым-катыш жакшыруусун көздөгөнүнүн олуттуулугу боюнча суроолорду жаратат”,- деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Орусия президенти Путин АКШнын элчилиги менен консулдуктарындагы кызматкерлердин санын 1200дөн 755ке түшүрүүгө көрсөтмө берген эле.

Мунун алдында АКШ Конгресси Москванын Украинадагы агрессиясынан жана 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишкенинен улам деп киргизилген санкцияларды бекемдөө боюнча жаңы мыйзамды кабыл алган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG