Ак үй билдиргендей, президент Дональд Трамп жаңы стратегияны бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат тогузда Вашингтондун жанындагы Форт-Майер аскер базасынан, теледен түз берилүүчү сөзүндө жарыялаганы жатат.
Ооганстан стратегиясы боюнча сунуштар соңку ирет президент Дональд Трамп 18-августта вице-президент Майк Пенс, мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон, коргоо министри Жим Мэттис жана админстрациянын коопсуздук саясатына жоопкер башка өкүлдөрү менен өткөргөн атайын жыйында талкууланды.
Мэттис 20-август күнү акыркы жыйын учурунда жүргөн талкууларды "кылдат" деп мүнөздөп, президент Трамп аскерий лидерлер менен жаңы стратегияны макулдашканын ырастады. Бирок, анын чоо-жайын ачыктоодон баш тартты.
Ак үй Трамптын америкалыктарга күтүлүп жаткан кайрылуусун “АКШнын Ооганстан жана Түштүк Азия менен алдыдагы карым-катышынын багытын” түшүндүрүү деп мүнөздөдү.
АКШ лидерлери буга чейин Ооганстандан аскерлерди толугу менен чыгаруудан баштап, тескерисинче, кайра көбөйтүүгө чейинки варианттарды карап келишти.
2010-2011-жылдары АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин саны 100 миңге чейин жеткен эле.
Ал эми 2014-жылы НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү чыгарылган соң азыркы 8400дөй америкалык аскер калган.
Буга кошумча азыр Ооганстанда НАТОнун башка өлкөлөрүнөн да 5000дей жоокер турат.
Бул аралыкта ооган бийликтери 21-августта билдиргендей, азыр түндүктөгү Жаузжан провинциясында өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" согушкерлери ортосунда айгышкан уруштар жүрүп жатат. (UE)