Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Атамбаев Жээнбековдун отставкасын кабыл алды


Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. 21.08.2017
Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. 21.08.2017

Президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун отставка тууралуу арызын кабыл алды. Бүгүн өткөн жолугушууда ал "Сиз жетектеген кабинет мен президент болгон мезгилдеги эң жакшы өкмөт болду” деп билдирди.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Жээнбеков КСДП партиясы аны шайлоого талапкер кылып көрсөтүп, Боршайком каттаганына байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын айтты.

“Мен үчүн бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөнүнө эч кандай күмөн саноо болбогон шайлоодо жеңишке жетүү принципиалдуу мааниге ээ» деп айтты Жээнбеков.

16-июлда КСДП партиясы Жээнбековду талапкер кылып көрсөтүү чечимин кабыл алган. Бүгүн аны БШК президенттикке талапкер кылып каттады. Ал 46 миң кол топтоп, тил сынагынан 94,6 упай алган. Жээнбеков премьер-министрликке былтыр 13-апрелде келген.

Президенттик шайлоо Кыргызстанда 15-октябрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG