Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Таласта жети айлык боюнда бар өспүрүм кыздын окуясы териштирилүүдө


Таласта жетинчи класстын окуучусу менен жыныстык катнашка барган деген 18 жаштагы жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Жээнчороев билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, жети айлык боюнда бар 14 жаштагы өспүрүм азыр доктурлардын көзөмөлүндө.

- Кыз бала менен тайкесинин айылына барып таанышкан экен. Өздөрүнүн айтымында, алар былтыр декабрь айында жыныстык катнашка барышкан. Кийин өспүрүмдүн апасы чатак чыгарып, экөөнү бир ай мурда үйлөнтүп коюшуптур. Азыр тергөө бир айга узартылды, - деди Жээнчороев.

Учурда Кыргызстанда балдарга карата сексуалдык зомбулукка каршы мыйзам долбоору талкууланып жатат. Ал Жогорку Кеңеште эки окууда кабыл алынган. (AlS)

XS
SM
MD
LG