Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индияда ири суммадагы акча менен кыргызстандык аял кармалды деген маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна министрликтин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди:
- Делинин аэропортунда Кыргызстандын жараны ири суммадагы акча менен кармалды деген маалыматты ТИМ тактап жатат. Индиядагы элчилигибиздин кызматкери аталган аэропортко кетти.
Бүгүн Индиянын Business-standard.com, Tribuneindia.com жана башка бир катар интернет басылмалары Нью-Делинин аэропортунан "Air Manas" компаниясы менен Бишкекке учуп жатканда кармалган 56 жаштагы кыргызстандык аялдын ысымы Балтабаева Зухра экенин жазып чыгышкан болчу.
Индия интернет басылмаларындагы кабарларга караганда, кыргызстандык аялдын сумкасынан текшерүү учурунда 60 миң АКШ доллары чыккан.
Ал эми дагы 1,41,290 АКШ доллар кыргызстандык аял багаж иретинде өткөргөн жүктөн чыккан. Учурда бул маселе менен Индиянын бажы бийликтери алектенип жатат. Кыргызстандын Нью-Делидеги элчилиги Индия медиасындагы бул кабарды азырынча комментарийлей элек. Тышкы иштер министрлигинен маалымат текшерилип жатканын билдиришти. (UE)