Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Кытайда окуган кыргызстандык студенттерге виза берүү мөөнөтү узарды


Кытай элчилигинин алдында турган студенттер.
Кытай элчилигинин алдында турган студенттер.

Кытай элчилиги кыргызстандык студенттерге виза берүү мөөнөтүн узартты. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукееванын “Азаттык” радиосуна кабарлашынча, бул маселеге байланыштуу 18-августта Кытай элчилиги менен жолугушуу өткөн. Анда кыргызстандык студенттердин жаңы окуу жылы башталганга чейин виза алуу жана алардын Кытайга кетүүсүнө жардам көрсөтүү маселеси талкууланды. Жыйынтыгында тараптар студенттерге виза берүү мөөнөтүн узартууга макулдашты.

- Жолугушууда Кытай тарап менен макулдашылып, кошумча күн бөлө турганын бизге тастыкташты. Ага ылайык, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү саат 9:00дөн 12:00гө чейин жандуу кезек тартибинде студенттер виза ала алышат.

Бул график Кытайга окууга бараткан кыргыз студенттери үчүн иштейт. Студенттер 2017-жылдын 21-августунан 15-сентябрына чейин белгиленген кабыл алуу күндөрүндө жана убактысында Кытай элчилигине кайрылса болот.

Былтыр Кытайдын Бишкекте жайгашкан элчилигине террордук чабуул жасалып, автоунаа менен кирип барган жанкечти өзүн жардырган. Дипломаттардан эч ким жабыркаган эмес. Ошондон кийин коопсуздук чаралары күчөтүлүп, Кытайга виза алуу маселеси татаалдаган.

Бул күндөрү виза ачууга кезек күтүп жаткандардын саны бир нече жүзгө жеткенине кабатырланган ата-энелер жана студенттер Тышкы иштер министрлигине кайрылышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG