Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:31

Ростов-на-Донуда өрттөн улам өзгөчө абал жарыяланды


Ростов-на-Дону шаарынын өрт чалган бөлүгү. 21-август, 2017-жыл.

Шаардын борбордук бөлүгүндө кеминде 25 турак үйдү өрт чалган районунда "тилсиз жоо" менен 400дөй өрт өчүргүч, алты тик учак күрөшүп жатат.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигинин эсебинде, өрт чалган жердин жалпы аянты 10 миң чарчы метр жана өрттүн себептери белгисиз. Аймактан жүздөгөн адамдар эвакуацияланды. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат түшө элек. (UE)

XS
SM
MD
LG