Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:50

Финляндияда кол салуу уюштургандын аты-жөнү айтылды


Турку шаарынын борбору 18-август күнкү кол салуудан кийин.
Турку шаарынын борбору 18-август күнкү кол салуудан кийин.

Финландиянын сотунун документтерине караганда, 18-август күнү Турку шаарында эки кишини бычак менен өлтүргөн киши - 18 жаштагы теги мароколук жана Финляндиядан башпаанек сураган Абдеррахман Мехка. Ал Марокодон 2016-жылдын башында келген. Жергиликтүү медианын кабарларына караганда, акыркы кездерге чейин башпаанек сурагандар үчүн жайда жашап турган.

Полициянын айтымында, Абдеррахман Мехка кол салуу үчүн аялдарды тандагандай. Себеби анын бычактоосунан эки аял өлгөндөн тышкары, жаракат алган сегиз кишинин алтоо да аял болгон. Полиция аны бутка атып жарадар кылгандан кийин ооруканага жаткырылган.

Бул кол салуу Финляндиядагы биринчи террордук чабуул катары иликтенүүдө. Полиция Туркудагы кылмышка тиешеси бар деп башка дагы төрт мароколукту камады, дагы бир шектүүгө эл аралык издөө жарыяланды. (UE)

XS
SM
MD
LG