Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Сербия Македониядагы элчиликтин кызматкерлерин толук чакыртып алды


Сербиянын Македониядагы элчилиги. Скопье, 21-август, 2017-жыл.
Сербиянын Македониядагы элчилиги. Скопье, 21-август, 2017-жыл.

Серб президенти Александр Вучич расмий Белграддын мындай чечиминин жүйөсүн коңшу Македониянын “Сербиянын органдары менен институттарына каршы чабул койгон чалгын ишмердигине” байланыштуу деп түшүндүрдү.

Президент Вучич ошондой Македониядагы маанай азыр “өзгөргөнүн жана жаңы экенин”, айрым маселелер алдыдагы күндөрү анык болорун кошумчалады.

Серб тышкы иштер министри Ивица Дачичтин айтымында, элчилик кызматкерлеринин бир бөлүгү Скопьеге келерки аптада кайтып барат.

Македон медиасынын жазгандарына караганда, Белграддын чечими Косовонун ЮНЕСКО уюмуна кошулуу мүдөөсүн Скопьенин колдоосуна байланыштуу болушу мүмкүн. Косовонун көз карандысыздыгын тааныбаган Сербия анын эл аралык уюмдарга кошулуу аракеттерине да каршы чыгып келет.

Бийликке быйыл май айынын соңунда келген македон өкмөтү коңшулар менен “достук мамилени өнүктүрүп жатканын”, Косовонун ЮНЕСКОго кошулуусу боюнча маселеде ЕБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнүн турумун эске аларын белгиледи.

Македониянын азыркы премьер-министри Зоран Заев кызматка келгенге чейин Сербиянын лидерлерин улутчулдукту колдоп жатканы үчүн айыптаган. (UE)

XS
SM
MD
LG