Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Таласта чек арачылардын үйү кайра курулмай болду


Талас шаарында чек арачылар үчүн курулуп жаткан турак жайдын сапатсыз кыштар менен салынып жатканы аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик экотехинспекциясынын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева билдирди. Анын айтымында, үй бузулуп, кайрадан курулмай болду.

- Турак үйдүн биринчи кабаты сапатсыз кыш менен курулганы, анын талапка жооп беребй турганы инспекция текшергенде аныкталган. Ал Мамэкотехинспекция тарабынан буздурулуп, кайрадан сапаттуу курулуш материалдары менен куруу талабы коюлган. Учурда чек арачыларга делген үйду куруу иштери кайрадан башталды.

Сапатсыз курулуш материалдарын пайдаланган куруучу ишкананын өкүлдөрүнө административдик айып салынды. Талас шаарына чек арачыларга 30 батирлүү көп кабаттуу үйдү куруу боюнча тендерди “Диор” компаниясы утуп алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG