Кыргызстандык жарандык активисттер Фейсбукта "Эгемен Кыргызстан дискриминацияга каршы" деген аталышта акция өткөрүп жатышат.
Акциянын катышуучулары “Сен дискриминациянын кайсы түрүнө каршысың?” деген суроо узатышкан. Акциянын катышуучусу Гүлзада Шаршеналиева акциянын жыйынтыгында дискриминациянын кайсы түрү Кыргызстанда басымдуу кылары боюнча анализ жасалып, тиешелүү органга сунушталарын айтты.
- Биздин коомдо дискриминациянын так, түпкү маанисин түшүнбөй жатабыз. Баскан-турган жерде кемсинтүү бар. Шаардыктар айылдыктарды "мырк” деп кемсинтет, билимдүүлөр билим албай калган адамдарды теңсинбейт. Мамлекет өз жаранын дискриминация кылган учурга күбө болуп жатабыз. Жаңы конуштардагы жарандар медициналык жардам ала албайт, документи жок деп балдарын мектепке киргизе албайт. Бул деле дискриминациянын бир түрү. Мыйзамдуулук базасы бекемделбегендей.
Интернеттеги акция кемсинтүүнүн ар кандай түрүн жоюу жана бул маселеге коомчулуктун көңүлүн бурдурууну көздөйт. Акция Кыргызстандын эгемендик күнүнө чейин улантылат. (КЕ)