Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Ысык-Көлдө 41 мектеп авариялык абалда


Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган мектептер чатырларга көчкөн
Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган мектептер чатырларга көчкөн

Бул тууралуу облустук билим берүү институтунун координациялык кеңешмесинде билдиришти. Маалыматка караганда, авариялык абалдагы мектептердин 23үнүн ордуна жаңысын куруу зарыл болсо, 18 мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек.

Буга чейин Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту Кыргызстандагы авариялык мектептердин жагдайын талдаган көлөмдүү баяндамасын жарыялаган. Анда өлкөдөгү 2222 мектептин 193ү авариялык абалда экени көрсөтүлгөн. Анын ичинен 12 мектеп "кызыл тизмеге" кирет.

ЮНИСЕФ жана ЮСАИД 2013-жылы иликтөө жасап, Кыргызстандагы мектептердин 80% кооптуу абалда деп жыйынтык чыгарган. (КЕ/AsM)

XS
SM
MD
LG