Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевден жабыркадым деген Мирлан Жолдошев президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Ал бүгүн “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, буга чейин үч-төрт жолу кайрылуу жолдогон, бирок майнап чыкпай келет:
- Булар акчасынын күчү менен зордоп, сотторду да сатып алып, бизди коркутуп-үркүтүп, Ак үйдөгү жана президенттин астындагы адамдарга жалган маалымат таратып, ишти кайра тергөөгө кетирип жиберди.
Жолдошев Кадыралиевге Ошто үйүн, ашканасын алдырып жиберип, жалпысынан 230 миң долларга зыян тартканын айтууда.
2014-жылы Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш кодексинин “бейбаштык”, “опузалоо” жана “өзүмбилемдик” беренелери боюнча иш козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Учурда ал өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен жүрөт. Анын тарапкерлери кылмыш иш негизсиз козголгонун айтып келатат.
Кадыралиевге иш козголушуна куралдуу карактоого кабылдык деген бир нече ишкердин арыздары негиз болгон.
Кылмыш ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап келип, өткөн аптада кайра тергөөгө жөнөткөн. (RK)