Кошмо Штаттардын коргоо министри Жим Маттис 22-августта Иракка күтүүсүз сапар менен барды. Ал барган маалда өкмөттүк күчтөр "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун Ирактагы акыркы уюгу катары саналган Тал Афар шаарына чабуул коюп жатышкан.
Мосулдан 80 чакырым, ал эми Сирия менен чектеш аймактан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан бул шаарды экстремисттерден тазалоо операциясын АКШ башында турган коалициянын көмөгү менен Ирак армиясы эки күн мурда баштаган.
Тогуз айга созулган салгылашуудан соң, бир ай мурда өкмөттүк күчтөр Мосул шаарын "Ислам мамлекети" радикал уюмунун согушкерлеринен толугу менен бошоткон. Экстремисттик топ Ирактын түндүк тарабын 2014-жылы ээлеп алган.