Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:47

Индия соту талак айтып ажырашууга тыюу салды


Индиядагы мусулман аялдар.
Индиядагы мусулман аялдар.

Индиянын Жогорку Соту мусулмандардын дароо, үч жолу "талак" деп айтуу менен ажырашуусун "Исламга жатпайт" жана "Конституцияга туура келбейт" деп таап, мындай жол менен түгөйлөрдүн эки жолго түшүүсүнө тыюу салды.

Бул чечимди сот үч жолу "талак" айтуу менен күйөөлөрү таштап кеткен беш аялдын арызын жана укук коргоо уюмдарынын кайрылууларын караган соң кабыл алды.

Мындай жол менен ажырашууга тыюу салуу демилгесин бир нече жыл мурда Индиядагы укук коргоо уюмдары көтөрүп чыккан. Бул уюмдардын маалыматына ылайык, өлкөдөгү мусулман эркектер Skype же WhatsApp аркылуу эле үч жолу "талак" деп айтып, аялдарын таштап кеткен учурлар көп катталган.

Индиянын 1,3 миллиард калкынын 13 пайызын мусулмандар түзөт.

XS
SM
MD
LG