Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Сурков: Украина кризиси боюнча сүйлөшүүлөр натыйжалуу болду


Орусия президентинин жардамчысы Владислав Сурков жана Украина боюнча АКШнын атайын чабарманы Курт Волкер.
Орусия президентинин жардамчысы Владислав Сурков жана Украина боюнча АКШнын атайын чабарманы Курт Волкер.

Кошмо Штаттардын Украина боюнча атайын чабарманы Курт Волкер Орусия президентинин жардамчысы Владислав Сурков менен 21-августта Беларустун баш калаасы Минск шаарында жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Сурков "алар жаңы идеяларды талкуулашканын" билдирди:

- Жолугушуу абдан пайдалуу жана конструктивдүү болду. Эки тарап тең 2015-жылдын февраль айында Украина кризисин жайгаруу максатында кабыл алынган Минск келишимин ишке ашыруу үчүн жаңы демилгелерди жана кадамдарды сунушташты, - деди Сурков орусиялык журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Волкер болсо жолугушуу боюнча эч кандай комментарий берген жок. Ал Минскиден кийин Литванын борбору Вильнюска барып, өкмөттүн жогорку даражадагы өкүлдөрү менен жолугушары күтүлүүдө. 23-августта болсо ал Кошмо Штаттардын коргоо министри Жим Мэттис менен кошо Киевге барат. Ал жактан украин бийликтери менен биргеликте «Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын калыбына келтирүү үчүн дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн кийинки кадамын" талкуулашарын Мамдепартаменттен кабарлашкан.

Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл козголоңчулардын ортосунда үч жылдан бери токтобой жаткан жаңжал кеминде он миңдей адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG