Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Чүйдө жол кырсыгы төрт адамдын өмүрүн кыйды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чүйдө жол кырсыгы төрт адамдын өмүрүн жалмады. Окуя бүгүн болгонун "Азаттык" радиосуна облустук патрулдук милициянын маалымат катчысы Тилек Исаев билдирди. Анын айтымында, Төмөнкү Чүй жана Жаңы-Жер айылдарынын ортосундагы унаа жолдо "Мерседес" үлгүсүндөгү унаа жогорку ылдамдыкта келатып, жолдун четине чыгып кеткен:

- Жол боюнда коомдук транспорт күтүп турган үч аялды, андан кийин велосипед тээп бара жаткан 12 жаштагы баланы сүзүп, жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Машина сүзгөн төрт адам тең ошол жерден кайтыш болгон.

Сокулуктун райондук милициясынын тергөө бөлүмү тийиштүү экспертизаларды жүргүзүп жатат.

Айдоочу жабыркаган эмес. Ал мас абалында болгонун "Азаттыкка" республикалык Патрулдук милиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG