Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Орусияда режиссер Серебренников кармалды


Москвадагы "Гоголь-борбору" театрынын көркөм жетекчиси, режиссер Кирилл Серебренников.
Москвадагы "Гоголь-борбору" театрынын көркөм жетекчиси, режиссер Кирилл Серебренников.

Москвадагы "Гоголь-борбору" театрынын көркөм жетекчиси, режиссер Кирилл Серебренников 22-августта 68 миллион рубль көлөмдөгү акчаны алдамчылык менен алган деген шек менен кармалды. Мындай маалымат Тергөө комитетинин интернеттеги сайтында жарыяланды. Жакынкы убакытта ага айып тагылары күтүлүүдө.

Май айында Серебренников Тергөө комитетинде күбө катары суракка алынып, анын үйүндө жана ал жетектеген «Гоголь-борбору» театрында тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө комитети тинтүүлөр Серебренников 2011-2014-жылдары жетектеген «Жетинчи студия» ишканасы "өлкө бюджетинен 200 миллион рубль уурдаган" деген кылмыш ишине байланыштуу болгонун билдирген.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2012-жылы "Жайдын айлуу түнүндөгү түш" деген спектаклге бөлүнгөн акчалар уурдалып, ал эми спектакль чыккан эмес. Театрдын кызматкерлери болсо спектакль бир нече жылдан бери "Гоголь-борбору" театрында коюлуп жатканын ырасташууда. Бул иш боюнча камакка алынган "Жетинчи студянын" эсепчиси сотто Серебренниковго каршы көрсөтмө берген. Жазында күч түзүмдөрүнүн таанымал театр режиссеруна жасаган мамилесин сынга алып, Серебренниковду ондогон маданий ишмерлери коргоп чыгышкан. Серебренников ошондой эле бийликке каршы нааразылык акцияларына да катышып келгени менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG