Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш териштирилүүдө


Катта-Туз участогу
Катта-Туз участогу

Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев бул күндөрү иш сапар менен Баткенде жүрөт.

19-августта Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынан Тажикстанга басымы жана көлөмү белгисиз кетип жаткан газ куурунда авариялык абал жаралып, аны оңдоо үчүн тажикстандык адистер чек арадан өтүү үчүн уруксат сурашкан.

Кыргыз тарап алгач макулдук бербей койгон. Мындан улам ар кандай абалга даяр туруу үчүн аймак күчөтүлүп кайтарууга алынган.

Бирок 20-августта таңга жуук чек арачылардын кайтаруусунда турган жерге тажик тараптын адистери кирип, куурларды оңдоо иштерин жүргүзүп кайра чыгып кетишкен.

Жаӊы-Жердеги Катта-Туз участогундагы 1974-жылдан бери Тажикстан иштетип келген 20 гектарга чукул жерде кара май сордургуч 9 кууру жана табигий газ алуучу 5 скважинасы 2013-жылы талашка түшүп, тажик тарап таштап чыгып кеткен.

2016-жылы Кыргызстандын Мүлк фондунун чечими менен “Кыргызмунайгаз” ишканасынын эсебине убактылуу өткөрүлүп берилген. Бирок ушул күнгө чейин Тажикстан жер астындагы куурлар аркылуу газды алып турганы белгилүү болду. (JsA)

XS
SM
MD
LG