Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Иран: уран байытууга беш эле күн керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандын Атом энергиясы боюнча мекемесинин башчысы Али Акбар Салехи 22-августта жасаган билдирүүсүндө уранды жогорку деңгээлде байытуу үчүн беш гана күн керектигин айтты. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Тегеранды дүйнөнүн алты ири державасы менен өзөктүк программасын кыскартуу боюнча 2015-жылы кол койгон келишимдин "духун" сактабай келет деп айыптаган. Иран болсо Кошмо Штаттарды Тегеранга каршы жаңы санкцияларды киргизүү менен аталган келишимди бузуп жатканын айыптоодо.

"Эгер биз чечим кабыл алсак, эң көп дегенде беш күндүн ичинде уран байытууну жандандыра алабыз",-деди Салехи мамлекеттик IRIB каналына.

Иран дүйнөнүн ири алты державасы менен түзгөн келишим боюнча өзөктүк ишмердигин кыскартып, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. Ошондой эле келишимдин алкагында Тегеран уран байытууну беш пайыздан ашырбоо милдеттенмесин алган. Эгерде Иран уран байытууну 20 пайызга чейин жеткирсе, бул анын өзөктүк курал өндүрүү деңгээлине жакындаганын билдирет.

XS
SM
MD
LG