Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Көк бөрү: Кыргызстан менен Түркиянын оюнчулары беттешет


Бүгүн Казакстанда өтүп жаткан көкбөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан менен Түркиянын командалары беттешет. Оюн саат 11де башталат.

22-августта Кыргызстан Өзбекстанды 11:2 эсебинде уткан. Мунун алдында Кыргызстан Монголия менен ойноп, оюн 4:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына жыйынтыкталган.

Көкбөрү 21-августта "Казанат" ат майданында башталган.

ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугу 28-августка чейин уланат. Ага 12 команда: Өзбекстан, Кыргызстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай, Ооганстан жана Казакстан катышып, эки тайпага бөлүнүп ойношот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG