Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Усенов: Атамбаевге байланыштуу түрк басылмасындагы маалымат калп


Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге байланыштуу Түркиянын Yeni Şafak (Жаңы Нур) басылмасындагы маалымат боюнча комментарий берди.

Yeni Şafak гезити Кыргызстан Борбор Азияда диний аалым Фетхуллах Гүлендин ФЕТО деп атаган кыймылынын базасы болуп калганын, бул өлкөдөгү коомдук уюмдардан тарта билим берүү, бизнес, маданият тармагын өз таасирине алганын жазган.

“ФЕТО Кыргызстанда төңкөрүш кыла тургандай күчү бар деген Түркиянын эскертүүлөрүн “абсурд” деп атаган Атамбаев ар кайсы убакта түрк президенти Режеп Тайип Эрдоганга беш жолу телефон чалган. Бирок Кыргызстандын ФЕТО уюмуна көз жумган позициясы үчүн Эрдоган жооп бербей койгону белгилүү болду”, - деп жазган.

Кыргызстандын президенттик аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов гезиттин "Атамбаев Эрдоганга беш жолу чалып, байланыша албай койду" деген маалыматы жалган экенин айтты.

Түркия бийлиги былтыр 15-июлда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине Фетхуллах Гүленди жана анын жолун жолдоочуларды айыптаган. Түркияда "гүленчи" деген шылтоо менен он миңдеген кишилер кызматтан айдалган, көбү абакта.

Ушундан кийин расмий Анкара "гүленчи" деп эсептеген агартуу мекемелерин жабууну расмий Бишкекке былтыр сунуштаган. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев “Сапат” мектептери жабылбай турганын кесе айткан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG