Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

АКШнын жаңы санкциясына орусиялык компания менен жеке адамдар илинди


Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги Кытай менен Орусиянын компаниялары жана жеке адамдарына байланыштуу жаңы санкциялар киргенин жарыялады.

Бул ирет санкция Түндүк Кореянын аскерий программасын колдоого алганы үчүн кеңейтилген. Сөз Пхеньян менен энергетика тармагындагы соода-сатык жүргүзүү жана Түндүк Кореядагы америкалык, эл аралык каржылоодон куржалак калган уюмдарга жардам берүү туурасында болууда.

АКШнын Финансы министрлиги баллистикалык ракета менен ядролук программаны иштеп чыгууга көмөк көрсөткөн тараптарга басым жасоо улантыларын эскерткен.

Мындан улам жаңы киргизилген санкцияга жалпысынан 10 компания жана алты жеке адам туш болгон. Мунун ичинен төртөө орусиялык жана бир компания Орусияга таандык. (КЕ)

XS
SM
MD
LG